Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:11

СЕНАТ ТЕРГӨӨНҮН ӨЗГӨЧӨ ЫКМАЛАРЫНА ТЫЮУ САЛДЫ


Кошмо Штаттарынын сенаты сурак маалында өзгөчө ыкмаларды колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды. Документ өлкөнүн атайын кызматтарын армияда уруксат берилген тартипте гана тергөө иштерин жүргүзгөнгө милдеттендирет. Долбоор былтыр декабрда өкүлдөр палатасында көпчүлүк добуш менен жактырылган болчу. Бирок мыйзамга президент Буш вето салышы мүмкүн.

АКШнын армиясында дастания маалында сурак бергендерди чечиндиргенге, башына кап кийгизгенге, көзүн таңганга, денесине электр тогун жүгүрткөнгө же отко кактаганга, итке талатканга, тамак-аш же суу бербей, медициналык жардам көрсөтпөй кыйнаганга, уруп-сабаганга жана башка одоно ыкмаларды колдонгонго жол берилбейт. Ал эми атайын кызматтарга бул жагынан тыюу салган нормалар мыйзамдарда каралган эмес. Жаңы долбоор ушул кенемтени толуктайт.

Борбордук чалгындоо башкармасы өз ишинде, айрыкча террорчу деген шек менен кармалган адамдарды суракка алганда сууга тумчуктуруу ыкмасын колдонгону ашкере болуп калып,өткөн жылдын этегинде чоң ызы-чуу чыгарды. Конгресс башкы чалгындоо мекемесине каршы кылмыш ишин ачууну талап кылды, бирок юстиция министри андан баш тартты.

ЦРУнун директору Майкл Хайден өткөн аптада конгресстеги комитеттер уюштурган талкууда бул ыкма болгону үч адамга - “ал-Каиданын” башкы төбөлдөрүнө кирген Халид Шейх Мохаммедге, Абу Зубайдага, Абд ал-Рахим Нашириге колдонулуп, алардан өтө маанилүү маалыматтар алынганын бышыктады. Бирок соңку беш жыл ичинде өзгөчө ыкмалар менен дастания жүргүзгөн учурлар болбогонун, ЦРУну жетектөөгө келген соң ал өзү мындай усулдарга таптакыр уруксат бербегенин айтып, Хайден ошол эле учурда терроризмге каршы күрөштө кээде демейкиден башкача тарыйкалар керек болорун да кошумчалады.

Хайдендин ыспаттамалары көптөгөн мыйзамгерлердин, өзгөчө демократ-сенатор Патрик Лихинин катуу каяшасын пайда кылды. Сенатор “сууга тумчуктуруу” ыкмасы кызылдай кыйноо деп табылганына 500 жыл болгонун эске салды. Жада калса президент Тэдди Рузвелттин тушунда, дүйнөлүк экинчи согуш маалында деле америкалыктар эч кимди, атүгүл япон туткундарын да ушундай ыкма менен сурап, тергеген эмес. Мунун баары дүйнөдөгү репрессивдүү режимдерге мүнөздүү, Америкага ал өтпөйт, деп айтты сенатор.

Демократ-сенатор Жей Рокфеллер да сурак-тергөөнүн өзгөчө ыкмаларын колдонуу акыры айланып келип АКШнын башына муш болуп тиерин эскертти. Ага кошулуп, Дайана Файнстин сенат менен өкүлдөр палатасы сурак-тергөө иштеринин жалпы бир стандарты болушу керек деген маселеде биринчи мерте толук бир пикирге келишкенин белгиледи. Ал эми сенатор-демократ Чак Шумер эгер президент Буш мыйзамга вето салса, муну менен ал кыйноо ыкмаларын жактай турганын моюнга алат деп билдирди.

Сенатта кабыл алынган мыйзам долбоорун Human Rights Watch уюму кызуу кубаттады. HRWдын өкүлү Женифер Дэскел колдон келсе Кошмо Штаттарын дегеле кыйноо ыкмаларынын бардык түрүнөн таптакыр оолак болгонго чакырды.

Деген менен Ак үйдүн өкүлдөрү мыйзамга президент Буш вето салышы мүмкүн дешет. Өкмөттүн жана атайын кызматтардын өкүлдөрү дастания жүргүзүүдөгү өзгөчө ыкмалар терроризмге каршы күрөштө убактылуу мөөнөткө болсо да керек экенин өткөн аптада айтышкан эле.

XS
SM
MD
LG