Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЫРАЙЫМЫ САЯСИЙ ТУТКУНДАРГА ТИЙГЕН ЖОК


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов түрмөлөрдөн 1000ден ашуун туткунду бошотуу чечимин жарыялады. Ашгабаттык гезиттер жарыялаган тизмедеги 1269 адам, алардын ичинде 190 аял – 19-февраль, түркмөндөрдүн улуттук желеги күнү азаттыкка чыгышат. Бул тизмеге саясий туткундар кирген жок.

14-февраль күнү Ашгабаттык ырасмий маалымат каражаттары 4 күндөн кийин түрмөдөн бошотула турган 1269 кишинин ысымдарын жарыялашты. Алардын арасында бир да саясий туткун жок, андыктан мурдагы президент Сапармурат Ниязовдун тушунда абакка салынган саясатчы, коомдук ишмер, укук коргоочулардын тагдыры белгисиз бойдон калууда.

Бердымухаммедов 1 жыл мурда президенттик кызматка киришкенден бери бир нече жолу мунапыс жарыялады, мындай салт экс-президент Сапармурат Ниязовдун тушунда да болуп келген, бирок анда да, азыр да кечирим алгандардын 90%дайы абакка түшкөнүнө 3 ай боло элек жаңы туткундар.

Гурбангулы Бердымухаммедов шаршембиде теледен сүйлөгөн сөзүндө түрмөдөгүлөргө мунапыс берүү иши улантылат деп ишендирди:

- Мен мурда да айтып келгендей, биз жыл сайын бир нече жолу, ар кандай майрамдарды утурлай түрмөдөгүлөргө мунапыс жарыялап турмакчыбыз.

Түркмөн лидеринин бул убадасына укук коргоочулар ишене бербейт. Азыркыга дейре Түркмөнстандын мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадовдун тагдыры беймаалым. Ал 2002-жылы Сапармурат Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аракетин жетектеген деп айыпталып, түрмөгө салынган. Анын уулу, бейрасмий Түркмөнстан Республикалык партиясынын лидери Байрам Шихмурадов 5 жылдан бери атасын жакындарынан эч ким көрбөгөнүн айтат:

- Тилекке каршы, кырдаал таптакыр өзгөргөн жок. Биз атам бошотулушу мүмкүнбү, деги ал тирүүбү, эч нерсени билбейбиз. Ал түрмөгө камалганына январда 5 жыл болду. Ниязов анын өмүрүнө кол салууга байланыштуу соттолгондор темир тор артында 5 жыл өткөргөндө гана туугандарын көрө алат деп айткан. Азырынча жылыш жок, биз түркмөн бийликтерине тынбай кат жазып келатабыз. Бир да жооп алган жокпуз, маселе туңгуюкка кептелген бойдон.

2006-жылдын июнь айында Ашгабаттык эки укук коргоочу – Аннакурбан Аманкылычев менен Сапардурды Хажиев мыйзамсыз курал-жарак сактаган деген кине тагылып, түрмөгө кесилген. Эл аралык уюмдар бул экөө жасалма иш боюнча соттолду деп шектенет. Алар менен кошо соттолгон “Азаттыктын” кабарчысы Огулсапар Мурадова көп өтпөй абакта көз жумган. Эл аралык укук коргоо уюмдары Түркмөнстанда саясий туткундар боштондукка чыгарынан күмөн санашат. Эл аралык Мунапыс уюмунун изилдөөчүсү Энн Сандер-Пласмандын пикири:

- Биз Түркмөнстандык бир нече адамды “абийир туткуну” деп атаганбыз, мисалы Аннакурбан Аманкылычев менен Сапардурды Хажиев. Ал жакта дагы бир топ саясий туткундар бар деп эсептейбиз. Түркмөн президенти ошолорду азаттыкка чыгарса биз кошколдоп кубаттайт элек.


Эл аралык уюмдар Түркмөнстанда ар кандай кине тагылып, узак жылдарга кесилген саясатчы, укук коргоочу жана башка адамдардын соту жабык эшик артында өтүп, алар адвокат менен камсыздалбаганын, айыпкерлердин күнөөсү кандай материал-фактылар менен далилденгени коомчулукка белгисиз бойдон калганына көңүл бурушат.

Мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов жана аны менен удаа кесилген бир катар белгилүү саясатчылар абакта каза тапты деген каңшаар кептер да тарабай койгон жок. Шихмурадовдун уулу Байрам башкалардай эле жакшылыктан үмүтүн үзбөгөнүн айтат:

- Үмүт өчмөк беле? 1200дөн ашуун киши бошотулаарын угуп сүйүнүп калдык. Тизмеге бир-эки тааныш ысым кирип калса абдан кубанат элем. Адилетсиздик менен соттолгондор акыры азаттыкка чыгат деп ишенем. Албетте, тирүү калгандарын айтып атам.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG