Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:19

Бейрутта “Хезболланын” аскербашчысы Имад Мугния менен коштошуу тажыясы өттү


Бейрутта кечээ Сириядагы бомба жардыруусунан набыт болгон “Хезболланын” аскербашчысы Имад Мугния менен коштошуу тажыясы өттү. Мугния – Израил менен Батышка каршы кандуу чабуулдарга катышы бар деп шектелип, АКШ издөө салган кооптуу адамдар тизмесинде эле. “Хезболла” уюму Мугниянын өлүмүн уюштурду деп Израилди айыптады, Тель-Авив аны четке кагууда. Бейруттагы башкы аянтка бүгүн Ливандын экс-премьер-министри Рафик ал-Хариринин киши колдуу өлүмүнүн 3 жылдыгын белгилөөгө он миңдеген адамдар чогулду.

XS
SM
MD
LG