Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Косово маселеси БУУнун Коопсуздук кеңешинде талкууланат


Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши бүгүн чукул сессиясында Косовонун Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялоо планын талкуулайт. Кеңешке учурда төрагалык кылып жаткан Панаманын БУУдагы элчиси чукул жыйын өткөрүү маселеси Сербия менен Орусиядан ырасмий кат алынган соң макулдашылганын билдирди. Косоволук албандардын лидерлери жакынкы күндөрү чөлкөмдүн көз карандысыздыгын жарыялоого камданууда, Сербия ага караманча каршы, Косовонун көз карандысыздыгын тааный турган тараптарга тийиштүү аракеттер көрүлөөрүн эскерткен.

XS
SM
MD
LG