Улуттар уюму чейрек кылым ичиндеги эң катаал кышка туш болгон Тажикстандагы гуманитардык кырдаалга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирүүдө. БУУнун баш катчысынын офиси тараткан билдирүүдө ушу тапта 260 миңдей тажик жараны тамак-аш жагынан чукул жардамга муктаж экени айтылат. Энергия жана суу тартыштыгы кырдаалды кыйындатып, көптөгөн мектептер жарыксыз калды. ЮНИСЕФ уюму Тажикстандагы ооруканаларды электр менен камсыздай турган генераторлор жөнөткөнүн билдирди.