Мындай сунушун Жогорку Кеңештин отурумунда төрага Адахан Мадумаров жер-агрардык маселелер жана экология комитетине берди. Муну төрага кошуна мамлекеттер тарабынан Кыргызстандагы сууну пайдалануу тартибин иретке келтирүү максаты менен байланыштырды. Мадумаров ошондой эле Папан, Ортотокой, Киров суу сактагычынын абалын аныктоо зарылдыгын эскертти. (BuS)