Жалалабат облусунун Алабука районунун тургундарынан куралдуу кол салуу менен 2,5 миллион өзбек сум акча тоноп алган деп айыпталган УКМКнын үч кызматкеринин адвокаты Икрамидин Айткулов иш жүзүндө анын коргонуучулары пахтаны мыйзамсыз ташыган жергиликтүү мафиянын куйругун тепсеп алган деп билдирди. Учурда бул иш Жалалабат гарнизонунун аскерий прокуратурасы тарабынан иликтенип жатканына байланыштуу адвокат окуянын чоо-жайын айтып берүүдөн баш тартты. Үч чекистке карата кылмыш иши Алабука РИИБи тарабынан 8-февралда козголгон. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 168 – беренеси боюнча (Талап-тоноо) айып тагылууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аппаратында бул иш тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышууда. (JTo)
13:56 И. Айткулов: УКМК кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши дыкат иликтенүүгө тийиш