Мындай пикирин депутат Исхак Масалиев бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда ортого салды. Ал эски аянттагы тарыхый мааниси чоң имаратты жеке менчик окуу жай ээлеп жатканына “таң калганын” билдирип, билим берүү министрлигин жана өкмөттү бул маселени изилдөөгө чакырды. Ал эми депутат Роза Отунбаеванын айтымында, Борборазиядагы америкалык университет алыскы райондордун бүтүрүүчүлөрүнө атайы орундары бөлүп берүүнү карашы керек. (JTo)