Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:16

14:44 Соттун чечими менен Максим Кулешов 500 сом айыппул төлөөгө милдеттендирилди


Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда укук коргоочуга каршы козголгон административдик иш каралып, сот Кулешов 500 сом айыппул төлөсүн деген чечим чыгарды. М. Кулешовго карата “бейбаштык кылган” деген кине менен административдик иштин ачылышына Биринчи май районунун прокурору Кылычбек Токтогуловдун арызы себеп болгон. Укук коргоочу БШК жанында өткөрүлгөн “Мен ишенгим келет” аттуу акция учурунда Биринчи май РИИБнин кызматкерлери тарабынан кармалып, алардын мыйзамсыз аракеттерин кароо талабы менен райондун прокурору Кылычбек Токтогуловго кайрылган. Прокурордун айтымында, укук коргоочу анын ишине тоскоол болуп, сөгүнгөнгө чейин барган. Максим Кулешов болсо, Кылычбек Токтогулов аны ур-токмокко алганын айтып, ага карата кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен Башпрокуратурага кайрылып, жооп күтүп жатканын билдирди. (JTo)

XS
SM
MD
LG