15-февралда өлкөнүн тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен Британиянын Кыргызстандагы элчиси Пол Браммел жолугушту. Сүйлөшүү учурунда эки тараптуу мамилелер талкууланып, министр Эднан Карабаев Кыргызстан Британия менен Евробиримдиктин алкагында кызматташууга даярдыгын белгиледи. Өз кезегинде элчи Пол Браммел Британия Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкка кызыкдар экендигин айтты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. (ZMa)