Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

12:09 Чүй өрөөнүндө быйыл кант кызылчасы канча эгилери тактала элек


Бул тууралуу кечээ президент Курманбек Бакиев менен облус губернатору Кубанычбек Сыйдановдун жолугушуусунда талкууланды. Жолугушууда бул маселе Кайыңды жана Новотроицк кант заводдорунун иштебей тургандыгы менен байланыштырылды. Президент Бакиевдин белгилегенине караганда,азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо Чүй облусунда мүмкүнчүлүк чоң. Губернатордун маалыматына караганда, быйыл күздүк буудай 85 миң гектар жерге, арпа 24 миң гектар жерге айдалды.Жаздык эгинди 110 миң гектар жерге айдоо болжолдонууда. 24 миң гектар жерге жүгөрү айдалат. Облустук бийлик чүй өрөөнүнөн 670 миң тонна түшүм алууну болжоодо. (BuS)

XS
SM
MD
LG