Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

15:59 Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо айыл чарба министрлигине жүктөлдү


Бүгүн былтыркы жылдын тыянагын чыгарган Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин коллегиясы өтүп, ага катышкан биринчи вице-премьер министр Искендербек Айдаралиев министрлик өткөн жылы айыл чарба коопсуздугун үзгүлтүккө учуратты деп сындады. Айдаралиевдин айтымында былтыр министрлик эгиндин 118,2 га аянтынын кыскарып кетишине жол берди. Анын айынан буудайдын дүң жыйымы 486,6 тоннага азайып, гектарына 20 центнерден айланып калды. Анын айынан дан азыктарына баа көтөрүлүп, социалдык чыңалуу пайда болду. Биринчи вице-премьер келерки жылы министрликти 100 млрд. 471,7 млн. сомдук айыл чарба азыктарын өндүрүүгө милдеттендирип, азык түлүк коопсуздугун камсыздоону милдеттендирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG