Бул былтыр жыл башынан тарта өткөрүлгөн операциялардын натыйжасында жетишилгенин өлкө премьер- министри Нури ал-Малики билдирип, муну "Багдаддын жеңиши " деп атады. Бирок ал коопсуздук күчтөрүн ушуну менен менен дем алып калбоого чакырды. Кошмо Штаттар Багдадды жана анын айланасын согушкерлерден тазалоо операциясын былтыр февралда баштап, бир нече ай ичинде кошумча 30 миң аскер алып келген эле. Быйыл июлга карата Ирактагы америкалык аскерлердин саны бир аз азайып, 20 миңдейи чыгарылган жатат.