Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Евробиримдиктин миссиясы Косового барат


Шаркеттин өлкөлөрү Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялары күтүлүп жаткан Косоводо1800 адамдан турган миссиясын жайгаштырууну биротоло жактырды. Анын курамында полициячылар менен административдик кызматкерлер болот. Топко дагы жергиликтүү 1000 кызматкер кошулмакчы. Евробиримдиктин миссиясынын милдети – бийлик 1999-жылдан бери Косовону башкарган Улуттар уюмунун администрациясынан өткөрүлүп алуусуна көзөмөл салып, Косовонун институттары менен сот бийликтерине, укук коргоо мекемелерине жардам берүү. Шаркеттин миссиясы Косводо мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү, согуш кылмыштары үчүн шектелгендерди кармоо иши менен да алектенет. Бул аралыкта Косовонун премьер- министри Хашим Тачи көз карандысыздыкты жарыялоонун так мөөнөтүн айтуудан баш тарты, бул эртең, 17-февралда ишке ашышы мүмкүн деп күтүлүүдө, Косово өкмөт башчысы кечээги сөзүндө көз карандысыз Косоводо серб азчылыгынын укуктары кепилденерин белгиледи. Ал эми серб президенти Борис Тадич кечээ экинчи мөөнөткө ант берүү аземи учурунда Сербиянын Косоводогу суверенитетин сактоо үчүн колдон келгендин баарын жасоону убада кылды:

-Көз карандысыз Косоводо бир дагы жаран куугунтукталбайт жана көз жаздымда калбайт. Мен атуулдардын укугун чечкиндүү коргойм жана Косово өкмөтү жергиликтүү органдардын жардамы менен серб азчылыгынын укуктарын биздин Башмыйзамга ылайык сакталарын кепилдейт.

Евробиримдиктин миссиясынын курамында Косового эң көп өкүлүн Германия, Италия, Британия, Франция жиберүүдө. Анда шаркетке кирбеген Хорватия, Норвегия, Түркия, Швейцария, АКШнын кызматкерлери да бар.

XS
SM
MD
LG