Муну бүгүн эртең менен Приштинадан Косовонун президенти Фатмир Сейдиу ырастады. Ал өзүнөн мурдагы президент Ибрагим Ругованы эскерүү үчүн анын бейитине келген эле. Көз карандысыздык боюнча декларация косово парламентинин Бишкек убактысы боюнча саат сегизде башталуучу сессиясында кабыл алынары күтүлүүдө. Косовонун көз карандысыздык алуусуна провинциядагы серб азчылыгы каршы, ал эми Сербия жана Орусия мындай кадамды мыйзамсыз деп эсептейт. Анткен менен АКШ жана Еврошаркеттин ири өлкөлөрү жаңы мамлекетти тааныры күтүлүүдө.