Жардыруу өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар шаарынын чет жакасында болгон. Провинция губернатору Ассадулла Халиддин айтымында, жанкечти жардырууну иттердин урушуна байкоо салып турган күйөрмандардын арасынан жасаган. Кандагардын жергиликтүү кеңешинин башчысы, президент Хамид Карзайдын бир тууганы Вали Карзайдын билдиргенине караганда, мында бутага Абдул Хаким Жан аттуу жергиликтүү аскерий кол башчы алынган жана ал да каза тапты. Абдул Хаким Жан жакында талибдерге каршы күрөшүүчү өкмөттүк күчтөрдүн башчысы болуп дайындалган эле.