Бул тууралуу билдирген “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын айтымында, айрым милициялар жашаган жайы жок чайханаларда, шарты начар батирлерде жашап, алган эки жарым миң сом маяналары үйбүлөсүн багууга жетпейт. Укук коргоочу облустук тартип коргоо кызматы материалдык-техникалык жактан каралбай калганын белгиледи. Ал ошондой эле облустагы убактылуу кармоочу жайларды кыдырып көрүп, айрыкча Кадамжайдагы убактылуу кармоочу жайдагы абал абдан оор экенин, камактагы 14 адам суук, сыз бөлмөлөрдө адам чыдагыс шартта жатышканын билдирди. (AJ)