Бул тууралуу “Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, уюштуруп жаткан иш чарада өлкөдөгү адам укуктарынын басмырланышы, кыйноолор жана аялдарга зомбулук, журналисттердин укугуна байланыштуу маселени БУУнун адам укуктары боюнча атайын комитетине тез маалымат берүүнүн ыкмалары окутулат. Үч күнгө созулуучу семинарга укук коргоочулар, адвокаттар катышып, аларга адам укуктары боюнча швед-хельсинки комитетинин өкүлдөрү сабак өтөт. Ошондой эле Кыргызстанда ратификацияланган эл аралык конвенциялар боюнча иш алып баруунун деңгээлин көтөрүү жана башка маселелер каралат. (AJ)