Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

11:10 Москвада дагы бир кыргыз жараны өлтүрүлдү


Маалыматтарга караганда, кыргызстандык Мирлан Эргешов менен Абдимитал Мамытов өткөн ишембиге караган түнү Москванын түштүк-чыгыш тарабында кол салууга кабылган. Натыйжада денесине бир канча бычак жеген 26 жаштагы Мирлан Эргешов окуя болгон жерде мерт болуп, жаракат алган анын 22 жаштагы шериги Абдимитал Мамытов ооруканага жеткирилген. Алар жакын арадагы дүкөндөн азык-түлүк сатып алганы чыгышкан экен. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз элчилигинен тастыкташты. Жыл башынан бери эле ушуну менен Орусияда минтип мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыргыз жарандарынын саны 6га жетти. «Замандаш» бирикмесинин маалыматы боюнча, былтыр Орусияда 350 кыргыз жараны каза тапкан.(SM)

XS
SM
MD
LG