Партия лидерлеринин АКШга жасаган сапарынын натыйжасында Вашингтон, Вирджиния штаттарында жана Нью-Йорк, Филадельфия шаарларында «Ата Мекендин» өкүлчүлүктөрү ачылды. Жакын арада партия Түштүк-Чыгыш Азия менен Батыш Европа өлкөлөрүндө да ушундай өкүлчүлүктөрдү ачууну болжолдоодо. Партиянын чет жердеги мүчөлөрүнө моралдык-укуктук жактан жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн мындай өкүлчүлүктөр ошол өлкөнүн мыйзамдарына ылайык иш жүргүзмөкчү. Мындай маалыматты бүгүн аталган партиянын маалымат кызматы таратты.(SM)