Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:38

АЙТМАТОВДУ ЭЛ АРАЛЫК КОМИТЕТ НОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫНА КӨРСӨТТҮ


Түркиядагы “Ататүрк маданият, тил жана тарых жогорку курумунун” төрагасы профессор, доктор Садык Кемал Турал кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовду 80-жылдык маарекесинде Нобель сыйлыгына талапкер кылып көрсөтүш үчүн түрк тектеш жумуруяттардын билим, көркөм өнөр жана адабият ишмерлеринен турган бир комитет түзүлгөнүн билдирди.

Түркияда чыгуучу Yeni Şafak гезити жазган маалыматка ылайык, проф. С.Турал "Анатолия кабар кызматы" менен болгон маегинде “Ататүрк маданият, тил жана тарых жогорку куруму” Айтматовду Нобель сыйлыгына көрсөткөн түрк, англис жана немис тилдериндеги кайрылуу кат даярдалганын жана ал Нобель сыйлыгын ыйгаруу боюнча комитетке жакынкы күндөрдүн ичинде жиберилерин билдирген.

Referans гезити дагы бул тууралуу кабарлап, “Кызыл жоолук жалжалымдын» автору Нобелге талапкер” деген баш сөз менен берген кабарында “чыгармаларында бардык өзгөрүштөргө карабастан өзгөрбөстү издеп туюнтууга умтулган Айтматов экологиялык алаамат өңдүү замананын урунттуу көйгөйлөрүнө, көркөм өнөрдүн дүйнөсү ичинде чечим издеп, бул проблемаларга дүйнөнүн көнүлүн бурууга тырышып жатат” деп жазган.

Казакстан шарттары бузулган долбоорлорду улутташтырат

Казакстандын премьер-министри Касым Масимов табыйгы ресурстарга тийешелүү келишимдердин шарттары бузулган бардык долбоорлор үстүбүздөгү жылда кайра улутташтырыла турганын билдирген. Лондондун Financial Times гезитинде жазылышына караганда Масимов өлкөнүн жаңы салык кодекси иштелип чыкканга чейин табыйгы ресурстар тармагында эч бир жаңы келишим түзүлбөй турганын кошумчалаган. Өткөн жакын аралыкта казак президенти Назарбаевдин улутка кайрылуусунда өкүмөттү мунай жана газ тармагын мыкты көзөмөлгө алууга чакырганын эске салган «FТ» “Казакстан 1990-жылдардагы бир катар шектүү тендерлер аркылуу улуттук табыйгы ресурстар боюнча лиценцияларды алган инвесторлор өзүлөрүнө алган милдеттенмелерин аткара алышпаганын доо кылып, көптөгөн лиценцияларды жараксыз кылууну пландаганын” билдирет. Андагы маалыматка ылайык, жараксыз кылынып кайра алынган лиценциялар мамлекеттик мунай фирмасы Казмунайгазга берилмекчи.

Косово эгемендигин жарыялады

Балкан өлкөсү Косово 17-февралда өзүнүн көз каранды эместигин жарыялады. Батыштык басылмалардын бүгүнкү санында бул тарыхый окуя биринчи беттен берилип, эгемендик декларациясынын боло билүүчү эл-аралык чагылмалары жана натыйжалары тууралуу түркүн ой пикирлер билдирилүүдө. Түркияда чыгуучу "Заман" гезити атынын аталышын каалабаган Түркиялык бир ырасмий кызматчыга таянуу менен Анкара Косовону 48 сааттын аралыгында тааный турганын жазып чыкты.

Hürriyet гезити “Европанын 49-өлкөсү Косово, буюрса кезек Түндүк Кипр түрк жумуруятында” деген баш сөз менен берген кабарында Косовону тааный турган өлкөлөрдүн саны 51 ге барып жеткенин, каршы болгондордун катарында Росия, Испания, Сербия жана Румыния бар экенин жазган.

Дублинде чыгуучу Irish Times жума күнү чыккан санында жарыяланган ири бир макалада Түркиянын Евробиримдик менен болгон мамилелеринин күнүңкү абалына сереп салган. Мүчөлүк жараяны кийинки айлардын ичинде сезилердик даражада солгун тартканына көңүл бурулган көлөмдүү макалада “Европа Түркияга далысын салуу менен чоң каталык кылат” деген пикир билдирилген.
XS
SM
MD
LG