Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

15:49 Орусиядагы кыргыз элчиси Москва милиция башчысынын орун басары менен жолугушту


Элчи Райымкул Аттокуров бүгүн Москва ШИИБисинин башчысынын орун басары, генерал-майор Александр Иванов менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда негизинен Орусиядагы кыргыз жарандарына кол салуулар көбөйүп жатканы тууралуу сөз болуп, тараптар мындан ары тыгыз кызматташып турууга макулдашты. Ошондой эле милиция башчысынын орун басары бул иштерди өз көзөмөлүнө алаарын айткан. Бул тууралуу «Азаттыкка» элчи Райымкул Аттокуров өзү билдирди. Элчинин айтымында, учурда өткөн ишембиде өлтүрүлгөн кыргыз жараны Мирлан Эргешовдун сөөгүн мекенине жиберүү аракеттери көрүлүүдө. Бул окуяда жаракат алган Абдимитал Мамытов болсо азыр ооруканада дарыланууда. Анын абалы канааттандырарлык.(SM)

XS
SM
MD
LG