“Ата Мекен” саясий партиясы 2 айдан бери Жогорку Кеңешке шайлоодо коюлган күрөө акча-500миң сомду БШКдан ала албай келет. Бул тууралуу аталган партия бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Мыйзам боюнча шайлоодо 5 пайыздык чектен өткөн партияларга күрөөгө коюлган акча кайтарылып берилиши керек. “Ата Мекен” бийликтин бул мыйзамды бузуп жатышын оппозициялык партиянын ишмердүүлүгүнө бут тосуу катары эсептейт. Эгерде БШКдан бул маселе боюнча жооп болбосо, партия сотко кайрылат деп жазылат билдирүүдө. (AiJu)