Көз каранды эмес сыналгынын ишине бут тосуулар улантылууда. Бийлик, прокуратура жана сот уюмдарынын күчү менен телеканалдын үнүн өчүрүүнү көздөөдө. Мындай аракетти сыналгынын мунарасына жайгашкан жердин чатагына байланыштуу сот ишинен баамдаса болот. Сузак районундагы Караалма айыл өкмөтү менен ушул эле аталыштагы токой чарбанын башчылары телеканалдын мунарасына ажыратылган жерде токойго эч кандай зыян келтирүүлөр болбогонун тастыктаса да, облсот райондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырганы турат. Райoндор аралык соттун чечими менен телемунарага барчу электр жарыгы өчүрүлгөн. Ага карабай, сыналгы автономдук режим аркылуу элге өз көрсөтүүлөрүн тартуулоодо. Бул тууралуу телеканалдын түштүк аймагы боюнча деректири Асылбек Текебаев Бишкекте маалымат жыйынын өткөрөөрүн билдирди. Облустук сот Текебаев оорусунан айыкканча тыныгуу жарыялаган. Райондор аралык сот айыл өкмөт менен токой чарбанын буйругун жокко чыгарып, телемунараны башка жакка көчүрүү чечимин чыгарган. (YA)