Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:16

7:15 Майлысууда жетимишке чукул бала тамактан ууланды


19-февралда саат 16-30да Майлысуудагы №5 мектептин 3-4-класстагы жетимишке чукул окуучусу шаардык ооруканага кайрылышкан. Алардын алтымыш сегизи тамак-аштан ууланганы аныкталып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Жалалабаддагы кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимов билдирди. Мындай маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы да тастыктады. Маалыматка караганда окуучулар мектептин ашканасынан түшкү тамакта колбаса менен макарон жешкен. Учурда атайын комиссия уулануунун чоо-жайын иликтөөдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG