Кечээ табылган жаңы төрөлгөн эркек бала төрөт үйүнө жеткирилди. Анын абалы дурус деп кабарлайт ИИМдин маалымат кызматы. Быйылкы жылы мындай окуялар көп болууда. 5-февралда Чүй облусундагы Сретенка айлынын тургунун үйүнө да ымыркай таштап кетишкен. Ал эми 14-февралда Таласта жаш эне бир айлык ымыркайын 10 миң сомго сатып жибергенин ИИМ маалымдаган. (JTo)