Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

12:00 Оштогу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш канааттандырарлык деп табылды


Жыл башында Ошто болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда өкмөт менен облустук администрация жакшы иш жүргүздү деген тыянакты Жогорку Кеңештин эки комитети чыгарды. Парламенттин жер-агрардык маселелер, экология жана өзгөчө кырдаалдар комитети менен аймактык өнүктүрүү жана жергиликтүү башкаруу боюнча комитети Ош облусунда көчмө отурум өткөргөн. Комитет мүчөлөрү жер титирөөдөн жапа чеккен аймактарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Депутаттар зилзаладан жабыркагандарга берилип жаткан жардам, турак-жай тургузүү үчүн бөлүнүүчү жер тууралуу маселеге өзгөчө көңүл бөлүшкөн.Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG