Каржы министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, “Айыл банкы” бул акчаны жазгы себүү үчүн үрөн сатып алууга арзан насыя (7% жылдык) катары дыйкандарга бериши керек. Мындан сырткары быйыл дыйкандарга 20 млн. сомго буудай үрөнү жана 30 млн. сомго жер семирткичтери товардык насыя түрүндө тапшырылат. Айыл чарба министрлиги чарба техника сатып алуу үчүн 200 млн. сом, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду күйүүчү-майлоочу май сатып алууга 205 млн. сом алат. Суу чарба департаментине суу бөлүштүрүүчү тармактарды куруу максатында 330 млн. сом бөлүнөт деп кабарлады Каржы министрлиги. (JTo)