Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тараткан маалымат боюнча Майлысуудагы 70ке чукул мектеп окуучусу эскирген колбасадан улам ууланганы бактереологиялык экспертизадан аныкталды. Мындан тышкары мектеп ашканасындагы башка бардык азык-түлүктөр да тиешелүү экспертизадан өткөрүлүп жатат, анын жыйынтыгы жакынкы күндөрү белгилүү болмокчу. (ZKo)