Токтом долбоору боюнча Майлысуудагы мектеп окуучуларынын уулануусу өзгөчө кырдаал деп табылып, башка аймактарда мындай окуяны болтурбоо үчүн саламаттыкты сактоо министрлигине, Жалалабат облустук жана Майлысуу шаардык жетекчилигине бардык чараларды көрүү тапшырылды. Мындан тышкары санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаментинен республиканын бардык аймактарындагы мектеп ашканаларын текшерүүдөн өткөрүү талап кылынды. Ошондой эле балдардын массалык уулануусуна жол бергендиги үчүн Жалалабат облусунун губернаторунун социалдык маселелер боюнча орун басары К. Талиеваны, Майлысуу шаар мэринин орун басары З. Батырбекованы жана башка жооптуу кызматкерлерди иштен алуу тууралуу сунуш өкмөт башчыга жолдонмокчу. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. (ZKo)