Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Бактыбек Алымбеков 20-февралда маалым кылды. Анын айтымында, ички иштер башкармалыгына атайын “Мигрант” операциясынын негизинде Баткен районунун Тажикстан менен чектеш аймагында 20 турак үй жана 15 курууга берилген участоктор кошуна тажик атуулдарына мыйзамсыз сатылып кеткен. Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан текшерүү учурунда кыргызстандыктардын үйүндө утурумдук батирде отурган 33 тажик үйбүлөөсү каттоого алынган. Облустук милиция башчысы Алымбековдун айтымында, кыргыз атуулдарынын турак-жай сатууларынын негизги себеби аймактагы жашоо шарттын оордугу болгон. (SA)
17:20 Баткенде чегара тилкелериндеги 20 үй, 15 участок тажик атуулдарына мыйзамсыз сатылып кеткен