Шаардагы №5-орто мектептин окуучуларына 12-февралда алынган жана эч документи жок колбаса берилген. Балдардын уулануусуна мектепте
медициналык кызматкердин жоктугу да себеп болгон. Бул тууралуу эпидемия жана эпизоотияга каршы чукул комиссиянын шаарда өткөрүлгөн көчмө жыйынында Майлуусуунун санитардык баш дарыгери Немат Мамбетов билдирди. Облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун деректири Кадырбек
Эргешовун айтымында кудук санаткан тамак-аш изилдөөгө жиберилген жана анын алгачкы жыйынтыгы 3 күндөн кийин билинет. Мектеп директору Сайрагүл
Абдуллаева балдардын тамагына ашпозчу кошумча колбасаны кошкон деген пикирин айтты. Ушу тапта кечээтен берки медициналык кароодон “ууланышы
ыктымал" деп күмөн саналган 168 окуучунун арасынан он бала менен бир техникалык кызматкер ооруканада жатат. Оорунун белгилери бар деп
шектелген дагы 31 бала түштөн кийин ооруканага жеткирилди. (YA)