Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:41

17:32 Таласта жазгы талаа иштери боюнча атайын түзүлгөн штабдын жыйыны өттү


Жазгы талаа иштерине өкмөт тараптан бериле турган минералдык жер семирткичтерди Чүй калаадан Таласка алып келүүдө жергиликтүү дыйкандар бир топ чыгымга учурашат. Өкмөт тараптан бериле турган жер семирткичтерди район жана айыл башчылар Карабалта шаарынан алып кетиш керек экен. Дыйкандарга бул ыңгайсыз жана жол кире менен жер семирткичтин баасы да кымбат болот, андан көрө Талас аймагынын күн батыш жагындагы Маймак темир жол станциясына жеткизип берсе болмок деген өтүнүчтөр айыл чарба кызматкерлер тарабынан бүгүн администрацияда жазгы талаа иштери боюнча атайын түзүлгөн штабда айылды. Мындан тышкары сугат маселеси да козголуп, сугат тармактар башкармалыгы тарабынан дыйкандардан 1 млн. 600 сом карыз өндүрүлбөй жатканы айтылып, мындай көрүнүш жазгы таалачылык иштерине кедергисин тийгизиши мүмкүн деди штабдык жыйынды алып барган губернатордун айыл чарба боюнча жаңы дайындалган орун басары Сүйүнтбек Айдаралиев. (UA)

XS
SM
MD
LG