Кечээ Гавай жана Висконсин штатында өткөн баштапкы шайлоодо Демократиялык партиянын өкүлү, сенатор Барак Обама атаандашы Хиллари Клинтонду утуп алды. Бул - анын праймериз деп аталган баштапкы шайлоолордо катары менен тогузунчу ирээт жеңиши. Ал эми республикачылардан сенатор Жон МакКейндин лидерлиги уланууда. Ал Висконсин жана Вашингтон штаттарындагы добуш берүүдө да негизги атаандашы, Арканзас штататынын мурдагы губернатору Майк Хаккабиден алдыга чыкты. Эми негизги көңүл Техас жана Огайо өңдүү калктуу штаттарда, 4-мартта өтүүчү баштапкы шайлоого бурулууда.
АКШда Барак Обама менен Жон МакКейндин президенттик шайлоого өз партияларынан талапкер болуу мүмкүнчүлүгү жогорулоодо