Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Косово президенти сербдерди тынчтыкка чакырды


Фатмир Сейдиу Косовонун серб азчылыгын нааразылыкты токтотуп, көз карандысыздыгын жаңы жарыялаган мамлекеттин "жаңы жашоосуна" аралашууга чакырды. Кечээ Косовонун көз карандысыздыгына кыжырданган сербдер Сербия менен Косово чек арасындагы эки өткөөл бекетке кол салган соң, өрттөп жиберишкен эле. Кырдаалды жөндөөгө НАТО аскерлери аралашып, өткөөл бекеттер кечээтен тарта бир суткага жабылды. Бул аралыкта Германиянын өкмөтү бүгүн Косовонун көз карандысыздыгын таанууну макулдашты. Еврошаркет өлкөлөрүнүн көпчүлүгү Косовону таануусу күтүлүп жаткан менен айрымдары өзүндөгү жикчил кыймылдардан чоочулагандыктан, мындай кадамга баруудан азырынча баш тартууда. Орусия болсо бүгүн Евробиримдиктин Косового полиция жана укук коргоо, сот кызматкерлеринен турган көмөкчү миссиясын жиберүү жөнүндөгү чечимин кескин сынга алды. Орус Тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүндө айтылгандай, БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан жактырылбаган мындай миссиянын жөнөтүлүшүнүн эч кандай "укуктук негизи" жок.

XS
SM
MD
LG