Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:15

13:00 Курманбек Бакиев: АКШ аскерий аба базасын Кыргызстандан чыгаруу маселеси убагы келгенде коюлат


Бул тууралуу мамлекет башчы РИА Новости маалымат агенттигине жана Орусиянын “Russia today” телеканалына берген интервьюсунда билдирген. Курманбек Бакиев аскерий аба база Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу максатында убактылуу киргизилгендигин белгилеп, убагы келгенде базаны чыгаруу тууралуу маселе коюларын ачыктаган. Президенттин айтуусунда Ооганстандагы абал толук жакшырган жок, Кыргызстан аркылуу ташылып жаткан баңзат Ооганстандан чыгат, ошондуктан, азырынча аскерий базаны чыгарууга негиз жок. Ал ошондой эле аскерий аба базасы жаңы кирген кезде Кыргызстан үчүн пайдасыз келишимдер түзүлүп калгандыгын, бийлик анын үстүндө иштеп, АКШ тарапты ижара акысын көтөрүүгө макулдатууга жетишкендигин белгилеп кеткен. Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакеевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча интервью 19-февралда даярдалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG