Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:47

15:00 Мурат Суталинов: ЖК кызматкери Жыпаргүл Арыкованын тыңчылыгы толук аныкталды


Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Муратбек Суталиновдун бүгүн парламентте билдиргени боюнча ЖК басма сөз кызматкери чет элдик чалгындоо кызматынын өкүлдөрү менен кызматташканы тергөө-иликтөө иштеринде толук аныкталган. “Жыпаргүл Арыкованы кармоо, камоо жана анын үстүнөн тергөө иштерин жүргүзүүдө биз мыйзам чегинде гана иш алып бардык. Биздин чечимибиз өзгөрбөйт. Ал эми анын күнөөлүүлүгүн сот чечет,”-деди Муратбек Суталинов. Анын айтуусунда парламенттеги маалыматтардын жашыруундуулугу сакталуусу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан көзөмөлгө алынат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG