Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

15:00 “Мен ишенбейм!” акциясынын өкүлдөрү мэрге белек жолдошту


Бүгүн “Мен ишенбейм!” акциясынын уюштуруучулары Бишкек шаарында митинг-акцияларды уюштуруунун эрежелерине байланыштуу Бишкек шаардык кеңештин токтому туурасында мэр менен чогуу маалымат жыйында талкуулоону чечишип, бирок жыйынга чакырылган шаар мэри Данияр Үсөнов келген жок. Акциянын өкүлдөрүнүн айтымында, Данияр Үсөнов демилгечи болгон Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна алар каршы чыгып келаткандыктан, мэр менен жыйында жолугуп, тил табышууну көздөшкөн. Мэрдин келбегендигине байланыштуу акциянын демилгечилери каршылык акцияларын мындан ары да күчөтүшөрүн, тил табышууну каалабаган шаар жетекчилеринин токтомуна баш ийбей турушканын, алар бир гана өлкөнүн баш мыйзамына моюн сунушарын айтышты. Ошондой эле алар Бишкек шаардык кеңештин токтомун кооз жыгач алкакка салып, анын бетине “Мен ишенбейм!” деген кызыл түстөгү мөөрүн басып туруп, шаар мэри Данияр Үсөновго белек катары жөнөтүштү. Эми “Мен ишенбейм!” деген аталыштагы кийинки акция 2-мартка белгиленди. (IJz)

XS
SM
MD
LG