Бул тууралуу маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Турусбек Коеналиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда бүгүнкү күндө ID карт 8 күндө, ал эми жалпы жарандык паспорт 20-21 күндө даяр болот, ошондой эле жарандардын паспорт алууда керектелүүчү документтерди толтуруу да жөнөкөйлөтүлгөн. Ал эми паспорт алууда төлөнүүчү акы өзгөрүүсүз калтырылды. МРТМА маалыматы боюнча өткөн жылы 267 739 жалпы жарандык паспорт, 367 777 ID карт даярдалган.(ZKo)