Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:05

18:00 Талас району Калба айылында айыл ичиндеги кудуктардан суу чыкпай, элдер кыйналууда


Бүгүн “Азаттыкка” мындай маалыматты Калба айылынын тургуну Кыштообай Асан уулу айтып кетти. Анын айтымында, айылга “Таза суу” долбоору келе электе айыл ичинде 40дан ашык жерден суу чыгып келген. “Таза суу” долбоору келип суу түтүктөрүн алмаштырып, кудуктарды орноткондон кийин суу айрым кудуктардан чыкпай калды. Азыркы тапта суу толугу менен токтоду. Элдер айыл четинен бир эле жерден суу алышат деп бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо кызматкерлерине кайрылып майнап чыкпаганын айтты. Облустук “Таза суу” долбоорунун жетекчиси Ибрагим Кенжетаев ай сайын ар бир айыл тургун 5 сом сууга төлөөрүн айтып, азыркы тапта ал төлөм төлөнбөй келүүдө деп суу түктүкчөлөрүн улам оңдоп турууга каражат жоктугунан ушундай кырдаал түзүлдү деп түшүндүрдү. (UA)

XS
SM
MD
LG