Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

17:57 Ысыката районундагы иче турган суудан зыяндуу курт табылды


Бул туурасында “Таза табият” коомдук уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева “Азаттыкка” билдирди. Өткөн жылдын соңунда Ысыкатанын Үчэмчек айылындагы суу түтүгүнөн 12 см жана 16 см келген кара курттар табылган. Курттар айылдагы суу түтүктөрүн текшерүүдө жана ичүүгө суу алып жаткан учурда чакага түшкөн. Учурда алар лабораториялык текшерүүдөн өтүп, иче турган суудагы кара курттар адамдын ден соолугуна зыяндуу экени аныкталды. Адистердин айтымында, сууну ичкенде ичеги-карын, баш ооруларын шарттайт жана жуунган учурда тери ооруларына алып келет. Ал эми аталган айылдын тургундары болсо, мындай жагдай түзүлгөнүнө бир нече жыл болгонун жана таза эмес сууну ичкендиктен жергиликтүү тургундар сарык оорусуна чалдыгып жатканын айтышты. (JJ)

XS
SM
MD
LG