Мурдагы премьер-министр, оппозиция лидерлеринин бири Беназир Бхутто былтыр декабрда киши колдуу болгондон кийин Пакистан элдик партиясынын жетекчилигине келген анын жубайы Али Азиф Зардари жана мурдагы премьер- министрлердин дагы бир Наваз Шариф президент Первез Мушарафтын кызматташуу жөнүндөгү сунушун четке какты. Жакындагы парламенттик шайлоодо алардын партиялары алдыга чыгып, Мушарафтын жактоочулары жеңилүүгө учураган эле. Оппозиция Мушарафтын отставкасын талап кылган. Бирок Пакистан президенти кызматынан чегинүү ниети жоктугун, кандай өкмөт болсо да иштешүүгө даяр экенин билдирди.