Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:00

Арменияда оппозициянын нааразылык акциясы экинчи күнгө уланууда


Ереванда бүгүн да 25 миңдей адам демонстрацияга чыкты. Алар апта башындагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына макул эместигин билдирүүдө. Шайлоодо талапкер болгон мурдагы президент Левон Тер-Петросяндын жактоочулары добуштар бурмаланды деп эсептегендиктен, шайлоо кайрадан өткөрүлүшүн талап кылып жатат. Расмий маалыматка караганда, анда премьер-министр Серж Саркисян жеңишке жетишти. Ал добуштардын 53%ын, ал эми негизги атаандашы Левон Тер-Петросян 21,5%ын алган. ЕККУ уюмунун пикиринде, шайлоо "көп жагынан" эл аралык стандарттарга ылайык өттү.

Бул аралыкта Армения менен дипломатиялык алакасы жок Түркиянын президенти Абдулла Гүл Серж Саркисянды жеңиши менен куттуктап, эки өлкөнүн мамилеси оңолоруна үмүттөнөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG