Муну өлкөнүн коргоо министрлиги - Пентагон ырастады жана америкалык аскерий өкүлдөр аткарылган операция максатына жетти деген ишенимде. Көлөмү автобустай, салмагы тогуз тоннага жакын келген спутникке АКШнын Тынч океанда турган аскерий кемесинен атылган ракета 247 чакырым бийиктикте барып тийди. Анткен менен операция канчалык ийгиликтүү болгону эртең гана толук билинет. Мындагы максат – спутниктин улуу күйүүчү отун сакталган идишин жерге жеткизбей жок кылуу болчу. Орусия жана Кытай АКШнын аскерий өкүлдөрүнүн аракетине камтамачылык билдирди. Москва америкалык тарап бул операцияны жаңы муунадагы космостук куралды сыноо үчүн калканыч катары гана пайдаланган болушу мүмкүн деп жоромолдоодо. Пентагон ошондой эле тыңчы спутник башка өлкөнүн аймагына түшүп калбоосун алдын алуу максатында атылды деген ырастоолорду да төгүндөдү.