Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

ӨЗБЕКСТАНДА БИР НЕЧЕ АКТИВИСТ ТҮРМӨДӨН БОШОТУЛДУ


Өзбекстанда ар кандай айыптар менен камалган укук коргоочу бир нече активист түрмөдөн бошотулду. Алардын баары Конституциянын он беш жылдык мааракесине байланыштуу жарыяланган мунапыска туш болушту. Адам укугун коргоочу эл аралык кээ бир уюмдар муну өздөрүнүн жана ташкендик ырасмий чиновниктерге саясий санкцияларды жарыялаган Евросоюздун активине чегерип жатышат. Бирок жергиликтүү активисттер бул ишке Батыштын эч кандай деле пайда-батасы тийген жок дешет.

Мунапыс алгандар арасында оппозициялык “Эрк” партиясынын мүчөсү,62 жаштагы Бабамурад Мавлянов да бар. Ал мындан эки жарым жыл мурда Анжиан окуяларынын капшабы менен камалган эле. “Жакында үйүмө кайтып келдим,бир киши жеткирип келди, эми биртке эс алып, дарыланганы жатам”,- деп айтты ал “Азаттыктын” кабарчысына.

Мавлянов менен бирге дагы төрт киши азат кылынды. Алар да негизинен укук коргоо чөйрөсүндөгү иштери үчүн жасалма айыптар менен түрмөгө кесилишкен эле. Мындан тышкары журналист Умида Ниязова да мөөнөтүнөн мурда абактан чыгарылды. “Мага да мунапыс беришти, бирок бир ай мурда эле мындан баш тартышкан эле. Буга эл аралык уюмдардын тикелей көмөгү тийди”, - деп билдирди Ниязова.

Укук коргоочу бир нече активистке мунапыс берилгенин Евросоюз кубатты. Алдыдагы айда Ташкенде Брюсселдин өкүлдөрү өзбек чиновниктери менен жолугушуп,эки тараптын алакаларын талкуулашат. Евросоюз ошондой эле Анжиан окуяларынан кийин Өзбекстандын бир катар ырасмий өкүлдөрүнө жарыялаган санкцияларын апрелде кайра карап чыкканы жатат.

Өзбек өкмөтүнүн чечимин Human Rights Watch уюму кубаттап, ырасмий Ташкенди түрмөлөрдө жаткан жыйырмадай активисттерге да мунапыс берүүүгө чакырды. “Мунун өзү маанилүү кадам болуп саналат жана санкциялар өзбек өкмөтүнө таасир көрсөтүүнүн натыйжалуу каражаты катары иштеп жатканын көрсөтөт”, - деп айтты уюмдун Европа жана Борборазия бөлүмүнүн директору Вероника Голдстон.

Такталбаган маалыматтарда кечээ президент Каримов өкмөттүн премьери Шавкат Мирзяевди кызматтан алганы айтылат. Шейшемби күнү өлкөнүн башкы прокурорунун орунбасары Анвар Набиев камалган эле. Ушул чечимдерди да европалык айрым байкоочулар Батыштын кысымынан улам болду дешет.

Бирок жергиликтүү укук коргоочулар бир нече активисттин мунапыс алганына Батыштын эч кандай деле пайда-батасы тийген жок деп эсептешет. Диссидент ырчы жана акын Дадахан Хасан бийликтерге коркунучу жок делингендер, өз көз карашын өзгөрткөндөр гана мунапыска илингенин, ал эми мурдагы принцибинде калгандардын жакын арада түрмөдөн чыгары дегеле күмөн экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG