Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

11:06 “10топ менеджер” программасы жакын арада ишке ашат


Бул тууралуу президенттик администрациянын экономика секторунун башчысы Азамат Дыйканбаев “Азаттыкка” билдирди. “Өткөн айда президент калкка кайрылуусунда экономиканы көтөрүү максатында “10 топ менеджер” программасын сунуштаган. Учурда буга байланыштуу жарлыктын долбоору иштелип жатат. Программанын башкы максаты-маанилүү деген тармактар үчүн 10 мыкты башкаруучуну тандоо. Алар жаш, билимдүү, тажрыйбалуу адистер болушу зарыл. Бул талаптарга жооп бергендер сынакка катышып, жеңип чыккандар болсо атайын окуудан өтүшөт. Менеджерлер канча жылда бир даярдалаары каржы маселеси чечилгенде билинет”,-дейт А.Дыйканбаев.(AiJu)

XS
SM
MD
LG