Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:17

11:21 Парламентте Москвадагы элчи Раимкул Аттокуровдун ишине нааразылык билдирилүүдө


Социал-демократиялык партиядан шайланган депутат Жусупжан Жээнбеков элчи Раимкул Аттокуровдун буга чейин орус жараны болгонун айтса, төрага Адахан Мадумаров аны колдоп, элчи баш болуп жарандыгын улам-улам которуусу туура эместигин ачыктады. Төраганын пикиринде Москвадагы элчи кокусунан барып калган жана ал Москвадагы таасирлүү адамдар менен тен ата сүйлөшүүлөр жүргүзө албайт. Бүгүнкү талкуунун соңунда элчиге ишеним көрсөтпөөнү добушка коюуну депутат Руслан Шаботоев сунуштады жана бул маселе добушка коюларын төрага бышыктады. Элчи Раимкул Аттокуров кезинде өзү да такырбаштардын кол салуусуна кабылган. Россияда акыркы мезгилде ишкер болуп келген. Такырбаштардын кол салуусуна кабылган кыргыз атуулдарын коргоого активдүү аракеттенүүдө, дейт жергиликтүү байкоочулар.(AiT)

XS
SM
MD
LG