Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:37

14:17 Кыргыз жарандарына такырбаштардын кастыгын токтотуу жөнүндө орус бийликтерине кайрылуу кабыл алынды


Жогорку Кеңеш кабыл алган Кайрылуу Орусиянын Мамлекеттик Думасына жана Федералдык Кеңешине даректелген. Анда соңку учурда орус жеринде улутчул жаштардын кол салууларынан бейажал өлгөн кыргыз атуулдары көбөйүп жаткандыгына тынчсыздануу айтылган. Кыргыз депутаттары Мамлекеттик Думанын депутаттарын кыргыз мигранттарынын коопсуздугун камсыз кылууга жетиштүү чараларды көрүүгө чакырышкан. Кайрылууну талкуулоо учурунда бир катар депутаттар Москванын көчөлөрүндө фашисттик маанайдагы жаштардын топтору ээн эркин басып, башка улуттарга кастык кылып жаткандыгын айтып айыпташты. Соңку бир жарым айдын ичинде эле Москвада жана Санкт-Петербургда кыргызстандык сегиз атуул өлтүрүлгөн. Аларды өлтүрүү кылмыштарына Кыргызстандын баш прокуратурасынын биринчи орун басары Сумар Насизанын айтымында скинхеддер деп аталган такырбаш улутчул жаштардын колу менен жасалган. (KCh)

XS
SM
MD
LG