Ар түрдүү жумуштарда иштеген балдардын саны 23 миңден ашып, кароосуз калгандардын саны 10 миңге жетет. ЮНИСЕФтин мындай маалыматын Ишенгүл Болжурова бүгүн өткөн Билим берүү жана илим министрлигинин кеңейтилген жыйынында жарыялады. Балдардын мектепке барбай калган жеткинчеткер көбөйүп жатканына негизги себеп катары жакырчылык аталды. Муну менен кошо айрым балдар мектепке барууну такыр каалабайт, ал эми кээ бирлери медреселерде билим алууну тандоодо. Андыктан Административдик кодекске балдарынын жалпы билим албай жатышына жоопкерчиликти ата-энелер тартышы керек деген беренелерди киргизүү пландалууда. (JTo)