Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:03

Аба ырайы : Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн -8...-10, күндүз 0...-2 градус болот


Метеорология борборунун маалыматы боюнча, 23-февралда Кыргызстанда кар жаабайт. Жалалабат, Ош, Баткен облустарынын кээ бир жерлерин туман каптайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот.
Түштүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен сыдырым жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн -7...-12, күндүз -4... +1 градус.
Таласта түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5 градус.
Баткен аймагында түнкүсүн -9...-14, күндүз -4... +1 градус.
Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн -5...-10, күндүз -3... +2 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2 градус.
Нарында түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5 градус.
Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8...-10, күндүз 0...-2 градус болот.

XS
SM
MD
LG